Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Марклдын үлпөт тоюна сарпталган чыгым болжолдуу эсептелди

Британиянын ханзаадасы Гарри менен актриса Меган Марклдын тоюна кеткен чыгым болжолдуу түрдө эсептелип чыкты. Ага 45 миллион доллар жумшалганын чет элдик басылмалар жазышууда.

BriedBook порталынын жазганына караганда, журналисттер үлпөт тойдун чыгымын, андагы көрсөтүлгөн кызматтарга карап болжолдуу эсептешкен. Анда 40 миллион доллар күзөт кызматына гана сарпталышы мүмкүн экени айтылат.

Тойду уюштуруучулардын кызматы 150 миң доллар болгон. Музыканттарга 400 миң доллар, флористтерге 150 миң доллар, фотографтар менен операторлорго 23 миң доллар төлөнгөн.

Ал эми конокторду күтүү үчүн 385 миң доллар каражат жумшалса, тойдогу торт 65 миң долларга алынган. Меган Маркл 165 миң долларлык көйнөк кийип чыккан. Ал көйнөгүн Ralph & Russo дизайнерлик дүкөнүнө буюртма берип тиктирген.

Эске салсак, Гарри ханзаада менен актриса Меган Марклдын тою 19-май күнү дүркүрөп өткөн. Чакырылган коноктордун арасында ырчы Элтон Жон, америкалык телеалпаруучу Опра Уинфри, теннисчи Серена Уильямс, актёр Джордж Клуни, Виктория менен Дэвид Бекхэм жана башкалар катышкан.

Ханзаада Гарри менен актриса Меган Марклдын үлпөт тою өтүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Meni_unut
2018-05-22 20:38:34
Эхх акча коп буларда
+2
al-abu-kinesz
2018-05-22 21:05:49
Жанылыктардан тушпой койду го ушулар
0
fantomas
2018-05-22 21:21:26
Мага десе олуп кетпейби булар, озубуздун проблемалар озубузго жетип ашып жатканда...
+2
Jazdyn_tany
2018-05-22 21:47:47
Эми бул Британиялык королевствонун үй-бүлөсүн өкмөт камсыздаганга милдеттүү да. Королева, принцтер,принцессалар, герцог эч качан иштебейт, жөн гана сый-урматтын, шаан-шөкөттүн үстүндө жүрүшөт. Саясатка да аралашканга укугу жок...Кайрымдуулук иштери менен алектенип коюшат...
0
NURTILEK_KG
2018-05-22 21:56:20
Эмне деп айтышты да билбей калдым
-1
maks94.kb
2018-05-22 21:57:45
NURTILEK_KG, бактылуу болгула деп кой да
0
Zainidin96
2018-05-22 22:20:15
Эхх 45 милион долларчы мага омур бою жашаганга жетмек
+3
bek_tash
2018-05-22 22:21:38
Нурлан & Асель бутту деп атсам эми Гарри & Меган )))
+5
Yasmina87
2018-05-22 22:28:21
Кимдин тойуна канча акча кетет бизге эмне бизден бир сом кетбегенден кийин
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан