Манас шаарында өрт кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттөн жабыркаган эки адам ооруканада көз жумган. Дагы бир адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда.
Кырсык боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.