Кара-Сууда жол кырсыгынан 8 адам жаракат алды, арасында 4 жашар бала бар

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгы катталып, 8 киши жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 21-майда саат 14:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 648-чакырымында , тактап айтканда, Отуз-Адыр айыл аймагында катталган. Анда Мерседес Бенц 220 үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынан Өзгөн шаарын көздөй бара жатып, карама каршы тилкеге чыгып Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын жүргүнчүлөрү тең жабыркап, ооруканага кайрылышкан. Жүргүнчүлөрдүн арасында 4 жаштагы бала да болгон”, - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Кара-Суу райондук ыкчам-тергөө тобу тарабынан жол кырсыгынын себептери аныкталып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
a.sheralievic.91
2018-05-22 20:30:50
Элдик кабардан келди эле го бул
0
dosym
2018-05-22 20:34:09
Министрдин баласынын машинасы не кылып жүрөт
+2
titanik32
2018-05-22 20:58:41
Министрдин кызынын махабатынын машинеси неге бул жерде адашып.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан