28-июнь күнү жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырган абитуриенттерге салтанаттуу түрдө алтын сертификат тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мектеп бүтүрүүчүлөрү сертификаттарды өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин колунан алышат. Маалыматка ылайык, аталган министрлик тарабынан жогорку балл алган 50 абитуриенттин тизмеги аныкталды.