24-июнда Кыргызстанга Кытайдын коргоо министри Чан Ваньцюань башында турган аскердик делегация келет.
Ал иш сапарынын алкагында КРнын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен жолугушат.
Мындан тышкары 25-июнда Кой-Таш аскердик бөлүгүндө Кытай өлкөсү тарабынан КРнын Коргоо министрлигине акысыз түрдө аскердик-техникалык мүлктү өткөрүп берүү аземи болот.
Белгилей кетүүчү нерсе, аскердик 52 унаа менен кошо музыкалык аспаптар 2013-жылдын январь айында, эки тараптын коргоо мекемелери тарабынан кол коюлган келишимдин негизинде берилүүдө.