Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-майда саат 16:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында болгон. Анда Ауди менен Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Ы.А. аттуу 36 жаштагы аял каза болуп, 7 адам жабыркаган.
Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилгени айтылат.