Ошто жубайы менен таарынышып кеткен жаран өз өмүрүнө кол салды

Ош шаарында 32 жаштагы жаран жубайы менен таарынышып, андан соң өзүнө бычак сайды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-майда Ош шаарынын Петров көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде катталган.

"Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну А.У. жубайы менен таарынышып кеткен. Мындан улам ал аялы ажырашам деп жүктөрүн алып ата-энесинин үйүнө кетип калгандан кийин өз өмүрүнө кол салып, ичине бычак сайган. Ал окуя болгондон кийин Ош облустук ооруканасына жеткирилип, учурда абалы туруктуу. Бул окуя боюнча Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жабырлануучу жаран - эки баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond02
2018-05-23 18:05:52
эми мындан кийинки жашоосу кандай болот, эркек адам учун бул нерсе уят эмеспи дейм да.
+2
Dembele84
2018-05-23 18:15:22
Ажырашуу конумуш адат эле болуп калды.Кичине причина болсо ле кетем же ажырашам деп эле.Как будто ажырашкандан кийин бейиш жашоо кутуп тургансып.
+18
Saidochka
2018-05-23 18:21:29
Ии олуп алыш оной,кутуласын бардык жоопкерчиликтен,а артындагы балдарынды ойлодунбу,кем акыл?
+4
Abdullatif
2018-05-23 18:38:14
Мүмкүн аялы ошого жеткирип койгондур, маселенин экинчи тарабын да караш керек. Обьективдүү көз карашта бололу.
+4
Nevestkaa
2018-05-23 19:22:32
Аялдарды эле жаман дейсиңер ЭРКЕКтерибизге не болгон,жакшы эрден аял эч качан кетпейт .Жаман аял кетем деп жаман эркек өлөм деп коркутат болуптур да.
+11
Djumahmatov
2018-05-23 21:23:56
Nevestkaa,хахаха жардынго
+1
Muslim1990
2018-05-23 21:20:28
Бир тараптуу куноологон туура эмес.Экоондо тен куноо бар.
+2
aza84
2018-05-24 02:17:35
Мумкун аялы ХХХХХХХХХХ кеткендир анан куйосу озумо озум сайдым деп коргон чыгар
0
altyn7776
2018-05-24 02:18:58
Бир алакандан ун чыкпайт...
0
cholpon119966
2018-05-24 11:02:46
Ар адамдын озунун дээринен болот. Олсо озунун шору. Озу женил ойлуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан