Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-майдагы жыйынынын күн тартибине Кыргыз-Казак чек арасына байланышкан эки маселе коюлган. Биринчиси - "Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы чек араны демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору.
Экинчиси - "Кыргыз өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.
Учурда парламент өкмөттүн сунушу менен эки маселени тең жабык эшик артында кароодо.