Ошто уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ю.М. аттуу жаран кайрылып, 20-май күнү болжол менен саат 21:30 чамасында базарлардын биринен жанынан белгисиз эки адам унаасына салып кетип ур-токмокко алышканын айткан. Жабырлануучу денесине алган жаракаттарынын оордугун текшерүү үчүн соттук-медициналык эспертизадан өтүүгө жөнөтүлгөн.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган Кара-Суу районунун 33 жаштагы Р.Н., Ош шаарынын 33 жаштагы А.М. аттуу тургундары колго түшкөн. Кармалган жарандар Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) жана 167-беренеси (тоноо) менен кылмыш иштери козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.