24-июнда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Ысык-Көлдөгү экологияны булгаган сауналарга айып пулду көтөрүүнү сунушташты. Муну менен алар аталган аймактагы экологияны сактоого шарт түзүлө тургандыктарын айтышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Депутаттар ошондой эле булганыч Ысык-Көл туристтерди качыра тургандыктарын белгилешти.