Ошто милициянын тескөөчүсү ортомчудан пара алып жаткан жеринен колго түштү
Ош шаарында кызматкерлерден пара талап кылган ички иштер башкармалыгынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 4-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына Ош шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, милиция кызматкерлери арыздануучуга кандайдыр бир козголгон кылмыш ишин оң жакка чечип беребиз деп, опузалоо менен пара талап кылып жаткандыгы тууралуу билдирген.
Мындан улам аталган факт боюнча 18-майда Ош облусунун прокуратурасы "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара талап кылуу" беренелерине ылайык кылмыш ишин козгогон.
"22-майда козголгон кылмыш ишинин негизинде ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жана тергөө кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коррупциялык көрүнүштөрдү аныктап, ага бөгөт коюу менен шектүүнү накталай акча каражатын алып жаткан жеринен кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Болжол менен саат 19:00 чамасында Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 20 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Ош ШИИБинин маалыматтык-аналитикалык борборунун тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Д.А. кармалган. Шектүү жогоруда көрсөтүлгөн акчаны ортомчу аркылуу алган", - деп айтылат маалыматта.