Канат Исаевдин иши карала турган соттук отурумда жактоочу кечигип жатканына байланыштуу тыныгуу жарыяланды

Бүгүн, 24-майда саат 9:30да Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши каралмак. Бирок жактоочу кечигип жатканына байланыштуу сот жарым саатка тыныгуу жарыялады.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан кыянттык менен пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан