Бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши каралууда. Анын жүрүшүндө жарыш сөз орун алып тергөөчүлөр сүйлөп бүтүштү. Алардын сөзүнө нааразы болгон жактоочулар прокурорлор башка отурум тууралуу, жактоочулар башка отурум тууралуу айтып жаткандай болуп жатат дешти. Анткени прокурорлор тергөө учурундагы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, алардын отурумдагы көрсөтмөлөрү эске алынбай калганын айтышты.
Бул пикирди айыпталуучу Канат Исаев да колдоду.
"Райондук сотто күбөлөр келип алардын көрсөтмөлөрү бурмаланганын айтышты. Ал бурмаланган көрсөтмөлөрдүн айрымдары бири-бирине үтүр чекитине чейин окшош экенин да көрдүк. Демек, аларды бир адам эле жазып тергөө ишине кошуп койгон. Прокурорлор болсо ошол соттук отурумдарда көрсөтмөлөрү бурмаланып калганын айтып, башка көрсөтмө берген күбөлөрдү эске албай, алардын мурунку бурмаланган көрсөтмөлөрүнө таянып жатат", - деди Исаев.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Соттун чечимине макул эместигин билдирип, анын жактоочулары шаардык сотко даттанышкан.