"Өлкөдөгү баш калаа - Бишкектин борбордук бөлүгүндө ушундай абалдагы үйдүн турушу мага кароосуз калган шаарды элестетет", - деп окурман "Элдик кабар" рубрикасына жазды.
Анын билдирүүсүнө ылайык, бул үйдүн ушул абалда турганына көп болгон.
"Мен борбор калаада, болгондо да борбордук бөлүгүндө ушундай үйдүн өзгөрүүсүз көптөн бери турганынан уялам. Шаар деген макамды алып жүргөн жерлерде калаанын көркүн бузган имараттарга көңүл бурулушу керекпи?" - деп жазган окурман билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.