Ысык-Көлдө бороон болуп, малчынын 100дөй коюн кар күрткүсү басып калды

Ысык-Көлдө кар жаап, кийин бороон болуп, 1 малчынын үй-бүлөсү кар көчкүдөн өтө албай камалып калган. Анын 100дөй коюн кар күрткүсү басып калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Максат Сарбагышев тастыктады.

"Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын жогору жагындагы бөксө тоолордо негизи эле шамал катуу жүрөт. Кечээ күнү кар жаап, кийин бороон болгондо катуу шамал учурган кар топтолуп күрткүлөр пайда болгон. Күрткү жолду да тосуп калып, айрым малчылар айылга өтө албай камалып калган. Күрткүгө камалган, бир үй-бүлөнү куткарып алып чыгышты. Ал үй-бүлө элдин малын чогултуп жайлоого чыкчу, бул жолу 600дөй кой алышкан экен. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, анын 100дөй кою күрткү алдында калыптыр", - дейт Сарбагышев.

Андан сырткары Сарбагышев учурда ал жерде ӨКМнын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар иш алып барып жатканын да кошумчалады.

Ал эми ӨКМнын басма сөз кызматынан кар күрткүсүнүн алдында калып 112 кой, 1 уй өлгөнүн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Chungyz
2018-05-24 15:19:58
Колбаса болот эми
+6
monster_high_98
2018-05-24 16:16:20
Chungyz,Болгондо да "халал"колбасалар болот
+1
maks94.kb
2018-05-24 15:21:26
Окунучту Эми ээлери ырайым кылып малдарын толотбой эле коюшсун
+7
Janna07
2018-05-24 15:49:15
Колбосный цехке же самсаканага откорот эми
+2
Zainidin96
2018-05-24 17:27:10
Азыр койдун жунун кыркпай туруш керек еледа ертерек азыр июньдун 1нен баштап кыркыш керек ошондо кун ысып койлорго да жакшы болмок
+2
Kuyoo_bala
2018-05-24 19:21:52
Жакшы иш болбоптур кысталак
+6
nargiz94
2018-05-24 23:45:56
Бул да болсо, Рамазан айындагы Аллахтын сыноосу, зекет, садака берищ керек. 100, 200 койлору барлар малдарын жетим-жесирге кичинеден болсо дагы берип койсо...Ушинтип эле чыгып кетет, а то.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан