23-июнда өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнөн билдиришти. Бишкек шаарында 1, Чүй, Нарын облустарында бирден, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген учурлар катталган жок.