Милиция Бишкекте жансыз денеси табылган маркумдун аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт (абайлаңыз, сүрөт)

Бишкек шаарында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка караганда, ушул жылдын 20-апрелинде Лев Толстой көчөсүнөн (темир жолго жакын жерден) 50-55 жаштардагы азиат түспөлүндөгү адамдын денеси табылган.

Анын бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Чачы ак, кыска, эриндери калың. Ал кара шым, боз көйнөк, күрөң бут кийимчен. Өзгөчө белгилери жок.

"Кимде-ким маркумду таанып-билсе, Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабарлап коюуну суранабыз", - деп жазылат маалыматта.

Байланыш номерлери: (0312) 56-60-48, (0550) 10-24-86.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2018-05-24 22:26:20
Ошол кочо абдан кооптуу,бир дагы маршрут журбойт,жайнаган биржачылар турат,арасында ар кандай адамдар бар,озгочо кыз-келиндерге айтат элем ал кочо менен журбогуло деп..Бул киши шейит болушу мумкун,Жайы жаннаттан болсун..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан