Орусияда 65 жаштагы адам 5 коңшусун атып өлтүрүп, аягында өзүнө ок чыгарды

Орусияда 65 жаштагы адам 5 коңшусун атып өлтүрүп, аягында өзүнө ок чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 24-майда Орусиянын курамындагы Саха Республикасынын Хангаласский районунун Булгунняхтах айылында болгон. Анда Александр Новиков аттуу 65 жаштагы адам пикир келишпестиктен улам мергенчилик мылтыгы менен алгач коңшу турган 35 жаштагы аялды жана анын 10 жаштагы уулун атып өлтүргөн. Кийин көчөдөн өтүп бара жатып мылтыктын үнүн угуп кайрылган адамды атып салган. Андан соң үйүнүн экинчи тарабындагы коңшусунун үйүнө кирип, дагы 2 адамга ок чыгарып, үйүнө келип өзүн-өзү атып өлтүргөн.

Ошондой эле аталган маалыматта Александр Новиков Булгунняхтах айылына 10 жыл мурун Санкт-Петербург шаарынан көчүп барганы, жергиликтүү эл менен аралашпай өтө түнт адам болгону айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazi_92
2018-05-25 09:26:30
Мынтык)))))))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан