Ош шаарында 24-май күнү 5 кабаттуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан "Дүрдана" тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо кечки саат 22:14тө катталган.
"Ош шаарынын Раимбеков көчөсүндөгү 5 кабаттуу турак үйдүн (№13) биринчи кабатында орун алган “Дүрдана” ашканасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттүн натыйжасында тамактануучу жайдын 70 чарчы метр пластик шыбы күйгөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын 13-аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылган. Кырсыктан жабыркагандар жок", - дейт басма сөз кызматы.
Тилсиз жоо мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.