Казакстанда Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, 1 адам каза болуп, 2 адам жабыркады

Казакстандын Самара-Чымкент унаа жолунда Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 24-май күнү саат 05:30 чамасында Самара-Чымкент унаа жолунун 990-чакырымында болгон.

“Кырсыкка кабылган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын ичинде 3 Кыргыз жараны болгон. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1987-жылы туулган К.Н. каза болуп, 1993-жылы туулган Ж.кызы.А. жана 1964-жылы туулган Х.К. жаракат алган. Учурда жабыркаган эки жарандын абалы канааттандырарлык.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги тарабынан маркумдун жансыз денесин алып келүү иш-чаралары каралууда.

Эске салсак, ушул жылдын 18-май күнү Казакстандын Актөбө облусунда жол кырсыгы катталганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан