Бишкекте батирди сойкукана катары иштеткен 35 жаштагы аял кармалды

Бишкекте үйлөрдүн бирин мейманкана деп коюп, бирок сойкукана катары иштетип жүргөн 35 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Бул факт боюнча маалымат Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу айтылган дарекке барганда 35 жаштагы Ш.М. аттуу аялдын сойкукана иштеткени аныкталган. Ал эми үйгө тинтүү иштери жүргүзүлгөн убакта интим кызматын көрсөтүп иштеген 29 жаштагы эки кыз кармалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен иш козголуп, кармалган Ш.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2018-05-26 14:25:45
Жакшы бизнес тааптыр
-1
nurhan2702
2018-05-26 15:22:09
35 жаштагы кемпир го
+2
jbolotov
2018-05-26 17:47:08
Ар бир сойкукана жеке квартираларда эле экени эч кимге жашыруун эмес, эми билгенсип кармадык деп жанылык кылбай эле койсонор болмокго.
+2
KOCMOC
2018-05-27 11:44:59
Квартираларды, частный уйлорду мейманкана катары колдонууну токтотуш керек. Посуточно, почасовой деп коюп сойкукана катары иштетишет ошолор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан