Айбек Калиевдин ордуна "Улуттук энергохолдингге" жаңы башчы келди

Азамат Абдыкадыров"Улуттук энергохолдинг" компаниясынын башчысы болуп Азамат Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан таратышты.

Маалыматка караганда, Абдыкадыров бүгүн, 26-майда мекеменин жамааты менен тааныштырылган. Буга чейин ал "Электр станциялары" ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп келген.

Айбек КалиевЭске салсак, 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматынан Айбек Калиев бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан