18-апрелде "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы ачык акционердик коомунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Калиев Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалды. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Буга чейин 10-апрелде Айбек Калиев "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын төрагасы кызматынан алынган эле.
Эске салсак, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Алар:
4-мартта - "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев;
7-мартта - "Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков;
3-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын модернизациялоо тобунун жетекчиси Темирлан Бримкулов;
4-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев;
17-апрелде - Жалал-Абад шаарынын мэри, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов;
17-апрелде - "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров.