Бүгүн, 26-майда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин 2-ирет жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары Түштүк Кореянын президентинин администрациясына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жолугушуу чек арадагы Панмунжом аймагында болуп өткөн.
"Жолугушууда 27-апрелде кабыл алынган декларация жана АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу тууралуу сүйлөшүү жүргөн. Кандай маселелер талкууланганы тууралуу Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин эртең, 27-майда атайын маалымат жыйынында айтып бермекчи", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 27-апрелде эки Кореянын лидерлери биринчи жолугушуусун өткөргөн.