Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Корея президенти Мун Жэ Ин кечээ, 26-майда 2-жолу жолугушуу өткөрдү. Бул окуяны корей эли жарым кылымдан ашык убакыт күткөн. Эки лидер кепке келип, иштешүүгө даяр экенин билдирген соң 60 жыл мурун башка-башка жолго түшкөн корей эли дүйнө коомчулугунун талкуусунан түшпөй келүүдө. Корейлер кантип экиге бөлүнүп калган? Бөлүнүүсүнүн себеби эмнеде? Бул ирет биз бир эл кантип эки өлкөгө айланып калганын баяндап берүүгө аракет кылдык.
Колдон-колго өткөн корей эли
Корей эли жашаган Корей жарым аралы жалпылап алганда саясий себептерден улам экиге бөлүнүп калган. Тагыраагы, буга өздөрүнүн саясий лидерлери жана АКШ менен СССР себеп болгон.
Корей жарым аралында VII кылымдарда корей эли Силла, Пэкче жана Когуре деген чоң мамлекеттердин курамында жашаган. Ар кандай саясий окуялардан кийин VII-X кылымдарда аталган аймакта Силла биримдиги орнойт. X-XIV кылымдарда болсо Корё мамлекети өкүм сүрөт. Ал эми XIV кылымдан XX кылымдын башына чейин Чосон мамлекети жашаган. XIX кылымдын аягында корей эли кытайларга көз каранды мамлекетке айланган. 1894-1895-жылдардагы кытай-япон согушунан кийин Корей жарым аралы Япониянын карамагына өтөт.
"Улутчулдар" менен "коммунисттердин" тиреши
Корейлердин жогорку интеллигенциясы ошол учурларда өлкөнү өнүктүрүү боюнча япондордон көп нерсени үйрөнүүгө аракет кылышкан. Бирок 1917-жылдагы Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин корейлерде дагы бир идеал пайда болгон. Бул коммунизм эле. Аталган окуядан кийин корейлерде "улутчулдар" менен "коммунисттерден" турган эки топ пайда болот. Экөөнүн тең максаты - эгемендүү мамлекетти куруу.
Корей элин экиге бөлгөн "38-параллель"
Япония 1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилгенден кийин корейлер эркиндикке чыгат. Бирок алар бул согушта япондорго каршы күрөш жүргүзбөгөндүгү үчүн алардын эрки өздөрүндө болгон эмес. Бул салгылашууда СССР япондорго кургактан туруп сокку урса, АКШ деңизден туруп корей жарым аралын бошотууга катышкан. Корейлердин тагдырын чечүү укугу АКШ, СССР жана корей саясий партиясына берилген. 1945-жылы августта Корей жарым аралындагы 38-параллелди аскерий аракеттердин жоопкерчиликтүү чеги катары тандап алышкан. Тагыраагы, АКШ аталган чектин ылдыйына, СССР жогорусуна аскердик жоопкерчиликти алган. Корея япондордон бошотулганга чейин эле Шанхайда корей эмигранттарынын өкмөтү түзүлөт. Кийин алар 1945-жылдын сентябрында өздөрүн Корей Элдик Республикасы деп расмий жарыялайт. Бирок алардын эгемендүүлүгүн эч бир мамлекет, жадакалса АКШ да, СССР да тааныбай коёт.
БУУ менен СССРдин талашына түшкөн Корея
Ошентип 1946-жылы СССР Кореянын түндүк бөлүгүндөгү элге социалисттик багыттагы достук мамлекетин түзүүгө сунуш берет. Натыйжада Түндүк Кореяда бир нече майда партияларды бириктирген Эмгекчилердин партиясы түптөлөт. 1947-жылы Бириккен улуттар уюмунун Генералдык Ассамблеясы Кореяда Улуттук жыйынга (парламент) шайлоо өткөрүү боюнча резолюция кабыл алат. Бирок СССР муну колдогон эмес. Буга карабай БУУ шайлоо өткөрүү боюнча комиссия түзөт. СССР аларды Кореянын түндүгүнө өткөрбөй койгон. Түштүк аймактагы шайлоонун жыйынтыгында парламент түзүлүп, президенттикке антикоммунисттик көз караштагы Ли Сын Ман шайланат. Кийин 1948-жылы Кореянын түндүгүндөгү шайлоонун жыйынтыгында Корей Элдик-Демократиялык Республикасы негизделет. Бийликке Ким Ир Сен келет.
3 жылга созулган жарандык согуш
1950-жылдардын башында Түндүк Кореянын лидери Ким Ир Сен өлкөлөрдү бириктирүү үчүн Кореянын түштүгүнө аскердик басым жасоого активдүү аракет жасай баштайт. Ага чейин түштүк аймакта коммунист корейлердин уюштуруусу астында тынымсыз демонстрациялар өтүп, конфликттер чыгып турган. Буга байланыштуу Түштүк Кореяда коммунизмге каршы маанай пайда болот. Президент Ли Сын Ман улуттук коопсуздук боюнча атайын буйрук чыгарып, өлкөдөн коммунисттерди массалык түрдө тазалай баштайт. Аскердик тараптан аны БУУнун ыктыярчылары жана АКШ колдоп турган. Ошентип Ким Ир Сендин курал менен өлкөнү бириктирүү аракети ишке ашпай калат. 1950-1953-жылдардагы болгон жарандардын кандуу кагылышуулары корей элин биротолө эки өлкөгө ажыратат.
"Кансыз согуш" саясаты
Корейлер ондогон жылдар бою бири-бирине "кансыз согуш" саясатын жүргүзүп келди. Түндүк Кореяда бийлик атадан балага мураска өтсө, Түштүк Кореяда саясий атаандаштык болгон. Жетекчилер алмашкан сайын бирде мамиле жакшырып, бирде начарлап отуруп арадан жарым кылымдан ашык убакыт өттү. Түштүк Кореянын жаштары коммунизмге каршы багытта тарбияланышат. Түштүк эли үчүн Түндүк Корея баскынчы, баллистикалык ракеталар жана өзөктүк курал менен коркутуучу мамлекет катары мүнөз калтырган. Түндүк Корея жабык өлкө болгону үчүн боордош эл тууралуу кандай пикирде экени жөнүндө маалыматтар аз.