Иран парламенти стратегиялык мааниге ээ Ормуз кысыгын жабуу демилгесин жактырды.
Чет элдик басылмалар парламенттин чечиминен тышкары, ал дагы Жогорку Улуттук коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилиши керек экенин билдиришти.
"Дүйнөдөгү мунай жана жаратылыш газы соодасынын 25-30 пайызы эң кууш жеринде туурасы 35 чакырымды түзгөн ушул кысык аркылуу өтөт. Башкача айтканда, мунай жана газ керектөөсүнүн бештен бир бөлүгү ушул кысык аркылуу ташылат",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, бул маселе АКШнын Ирандагы үч өзөктүк объектиге жасаган чабуулунан кийин көтөрүлө баштады.