Мектепти артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө алтын медаль тапшырылды

Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде шаардагы мектептерди жогорку жетишкендиктер менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө алтын медаль тапшырылды. Майрамдык кечеде шаар боюнча 4573 бүтүрүүчүнүн ичинен 61и алтын медалга ээ болушуп, кызыл аттестат алышты. Алтын медалдардын ээлерин ырчылар куттуктап, алар үчүн дүйүм тамакка толгон атайын дасторкон да даярдалыптыр. 11-классты артыкчылык менен бүтүрүп жаткан Саламат кызы Мээрим кубанычын жашырбай, баарына ыраазычылык билдирип кетти. “Бүгүн мен үчүн абдан кубанычтуу күн, 11-жыл бою күчтүү аракет менен окуп, көптөн күткөн медалды алдым. Алтын медаль алуу мен үчүн өтө чоң сыймык. Келечекте Кыргызстанга салымымды кошкон кыздардан болсом деген кыялым бар. Ошондуктан экономист болууну көздөп жатам. Ал эми жалпы бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалайм”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан