ЭЛДИК КАБАР: Окурман Ысык-Көлдө кырылып калган жылкылардын сүрөттөрүн жөнөттү

Окурман Ысык-Көл районунда кырылып калган мал-жандыктын сүрөт-видеолорун "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөттү.

Келип түшкөн билдирүүгө ылайык, Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында 23-май күнү катуу жааган жаан жана бороондуу шамалдан улам бир нече мал жардан кулап өлгөн.

"Айылдагы Чоң-Кечүү капчыгайындагы жардан бороондуу шамал болгон күнү 35 жылкы кулап өлдү", - деп жазган окурман билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Чырпыкты айылында сууктан өлгөн мал-жандык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Zainidin96
2018-05-28 19:06:37
Иий булда бироонун мээнет кылып тапкан малы да сабыр кылыныздар
+16
Aza17
2018-05-28 19:24:40
Байкуш жылкылар
+16
Bayastankyrgyz
2018-05-28 19:41:11
Кудайым ушундай жоготуудан озун сакта
+16
mentol
2018-05-28 20:04:51
Журогум олруп кетти((( кулундарго кобунчо
+17
ETAAA_18
2018-05-28 20:15:59
Аянычтуу корнуш (((((
+10
KG.Kushtarbek
2018-05-28 20:19:08
Кулундар жаш кетиптирда бечаралар
+7
beka2605
2018-05-28 20:27:33
Кулундары суукта чыдабай ылдый качканда артынан энелери да кошо секирген окшойт,эне кайсы жерде болсо да эне экен да,аянычтуу
+9
surgeon777
2018-05-28 20:31:00
Байкуш жылкычы эми кантип тургузат ордун,ал да бироонукун багып журсо керек да...
Кулундарга боорум ооруду.
+11
Ak_Bulut
2018-05-28 21:19:52
Кап жаман болуптур аянычтуу (шамалдан ушунча жылкы олгонун биринчи корушум)
+5
Kuyoo_bala
2018-05-28 22:33:24
Учуп кетиптир бийиктен,байкуш жылкылар
+4
nargiz94
2018-05-29 00:56:17
Рамазан айындагы Аллахтын эскертуусу, Байкасанар канча мал кырылып кетти. Кыштын кычыраган суугунда да мынча мал кырылган эмес. ЗЕКЕТ, САДАКА бериш керек. (Диний фанатизм, тиги-бу дебей эле койгулачы!)
-2
aerforce
2018-05-29 01:09:06
иий байкуш жылкылар мал багышта оңой эмес
+3
BoDiNur
2018-05-29 04:12:01
Ооба малдын да зекетин бериш кк
0
BoDiNur
2018-05-29 04:14:00
Ушул олгон малдардын этин Кытайга откорсо болот болуш керек, алар адалдап жебейт да, кичине болсо да акча чыгып чыгымы азаймак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан