Венесуэлада жол кырсыгы катталып, 11 адам каза болду

Венесуэлада автобус жол кырсыгына кабылып 16 адам жаракат алып, кеминде 11 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-майда өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Мерида штатында катталган. Болжолдуу маалыматка караганда автобус оодарылып кеткен. Ал эми унаанын ичинде 40 киши болгону айтылат. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан