Чүйдө 14 жаштагы кыз изделүүдө

Аламүдүн РИИБи тарабынан 2004-жылы туулган Виктория Кан Павловна изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кыз ушул жылдын 15-майында Аламүдүн айылынын Набережная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачынын өңү ачык күрөң түстө, көзү күрөң, бет түзүлүшү ак жуумал, мурду бир аз кыйшык.

Кийген кийимдери: ак көйнөк, күрөң түстөгү жынсы шым, жашыл-күрөң түстөгү күрмө, бутунда ак түстөгү бут кийим, кара түстөгү баштыкча жана кара түстөгү көз айнек.

Милиция издөөгө алынган кыз боюнча маалымат билгендер болсо Аламүдүн РИИБинин төмөндөгү номерлерине чалып коюну өтүнөт.:

0 (312) 36 35 27; 0 (700) 67 55 56; 0 (700) 20 96 66; 0 (550) 51 09 05.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан