Президент Садыр Жапаров Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан адамдардын каза болушуна байланыштуу аталган өлкөнүн падышасы Филипп VI'га көңүл айтып, телегарммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
“Испания падышачылыгынын Толедо провинциясында поезддердин кагылышуусунан улам адамдар каза болуп, көптөгөн жарандар жаракат алды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана Испания элине бул каргашалуу окуяга байланыштуу көңүл айтам.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, ал эми бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.