Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) окутуучусу миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мекемеге дипломдук ишин даярдоо жана аны ийгиликтүү жактоо үчүн 1 миң 500 доллар пара талап кылган К.А. аттуу кафедра башчысына карата чара көрүүнү суранып окуу жайдын студенти кайрылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 21-майда окутуучу студенттен миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ага карата 221-берене (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 225-берене (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.