Бишкектин санитардык полигонунун башчысы кызматынан кетти. Депутаттар нааразы

Болот АсаналиевБишкек шаардык санитардык полигондун директору Болот Асаналиев кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында вице-мэр Эркинбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, Асаналиев бүгүн өз каалоосу менен арыз жазып кызматынан кеткен.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев эч ким кызматтан кеткенин биле элек экенин айтты. "Эч кимдин кызматтан кетүү тууралуу арызын, көчүрмөсүн дагы көрө элекмин", - деди Кененбаев.

Бүгүн шаардык кеңештин жыйынында Болот Асаналиев гранттык жана насыялык каражаттардын колдонулушу боюнча отчёт бермек. Шаардык кеңештин бир катар депутаттары отчёт берүү күнү арызын жазып келбей койгону уят экенин, мындай мамиле сыйлабастык экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан