"20-июнда Баткен облусунда чыккан чырда Өзбекстандын чек арачылары чек араларды сактоо тууралуу эл аралык жана мамлекеттер аралык документтерди бузушкан". Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айтымында, пикир келишпестиктерден улам чыккан чыр учурунда маркум Бакыт Тагаев мамлекеттик чек арада болгон, ал эми анын унаасын өзбек чек арачылары уурдап кеткендиги чындык. “Мен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү менен жолугуп, алар кыргыз-өзбек мыйзамын жана эл аралык укуктарды бузганын айттым. Өзбек чек арачылары мыйзамсыз түрдө чек арадан ашып, бирөөнүн үйүнө кирип келишкен”,- деди Мамытов.