Быйыл абитуриенттер ЖОЖго бюджеттик орунга өтүү үчүн негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 балл алышы керек

24-июнда Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн баллын жарыялады. Ага ылайык, бюджеттик орунга өтүү үчүн абитуриенттер негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60тан ашык балл алышы керек. Ички иштер министрлигинин академиясына окууга кирүү үчүн 100, ал эми Куралдуу күчтөрдүн аскердик институтуна тапшыруу үчүн 95 баллдан ашык болушу шарт. Кабыл алуунун биринчи айлампасы 8-13-июль, экинчиси 15-20-июль күндөрү өтмөкчү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан