Жогорку Кеңеш баш прокурордун отчётун эске алуу менен 2017-жылдагы мурдагы жетекчинин ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты (стенограмма)

Бүгүн, 30-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жатат.

9:38. Жыйын башталды. Сөз баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго берилди.

9:43. Баш прокурор: "2017-жылы экстремисттик маалыматтарды тараткан 159 веб-сайтка өлкөдө сот чечими менен тосмо коюлду".

9:46. Баш прокурор: 9 миллиард сомдон ашык каражат мамлекеттин эсебине кайтарылды. Анын 80 пайызы УКМК, Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы тарабынан мамлекеттин эсебине кайтарылган. Калган статистикалык маалыматтар ар бириңиздерге таратылып берилди”.

9:50. Суроо-жооп башталды.

9:52. Депутат Дастан Бекешев: "Уюшкан кылмыштуулукка каршы так кандай чаралар көрүлдү? Канча киши жоопко тартылган? Бизде мындай канча топ бар?"

Баш прокурор: "Жалпысынан 523 уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катталган. Анын 424ү Камчы Көлбаевге тийиштүү. Азиз Батукаевге болсо 49 адам карайт. Андан сырткары ар кандай уюшкан кылмыштуу топтордун 941 мүчөсү бар. 2017-жылы 241 адам кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган".

9:58. Депутат Зарылбек Рысалиев: "Азиз Батукаевди кызыл килем менен узаткандар качан суракка чакырыларын 5 жылдан бери күтүп жүрөм. Күнөөлүүлөр жазага тартылыш керек".

10:07. Депутат Жанар Акаев: "Жакында бир окуу жайдын кызматкери пара менен кармалган. Аны террорчудай кылып көрсөтүштү. Бирок акыркы учурда миллиарддаган көлөмдөгү коррупция боюнча иштер турат. Мисалы, Тарых музейи, ЖЭБ, энергетика тармагы. Музей сыяктуу окуяларды өзүңөр таап чыгышыңар керек да. Силерден мурун таап чыккан журналисттерге сыйлык берип, рахмат деп койсоңуз болот. Качан миллиардды жегендерди камоого өтөсүңөр?"

Баш прокурор: "Пара менен кармалган адам ким гана болбосун, кылмыш-аракети далилденсе, ага тийиштүү чара колдонулат. Буюрса, аталган маселелер боюнча козголгон кылмыш иштеринин баары аягына чыгат".

10:20. Депутат Рыскелди Момбеков мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевдин кайда экенине кызыкты. Баш прокурор да, УКМКнын өкүлү да жооп бере алышпады. Алар учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты. Андан соң Чек ара кызматына таянып, Шадиев Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан чыкпаганын билдиришти.

10:50. Депутат Жыргалбек Турускулов эң коррупциялашкан 5 мамлекеттик мекемени атоону сурады. Баш прокурор биринчи орунда ИИМ, экинчиде Жол жана транспорт министрлиги, үчүнчүдө Экологиялык жана техникалык инспекция экенин айтты. Мындан тышкары Мамлекеттик курулуш агенттиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги да коррупциялашкан мекемелердин катарына кирерин айтты.

11:00. Регламентке ылайык, депутаттар 15 мүнөттүк танаписке чыгышты.

11:15. Танапис аяктады. Депутаттарды каттоо жүрүүдө.

11:20. Депутат Аида Исмаилова кылмыш иши козголгон адам кантип ЕАЭБге мамлекеттин атынан өкүл болуп кеткени боюнча сурады.

Баш прокурор: "Кылмыш иши козголгону адамдын күнөөлүү экенин билдирбейт. Бул боюнча так маалыматым жок. Сизге кийин расмий түрдө жооп берейин".

11:30. Депутат Данияр Аттокуров Бакиевдерге таандык болгон "Идеал Хаустун" арзандатылып сатылып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши эмне болгонун сурады.

Баш прокурор: "Ал жерлер 82 миллион сомго арзандатылып сатылып кеткен деп кылмыш иши козголгон. Бул боюнча учурда 3 адам камакта отурат. Аларга айыптары угузулган. Тергөө жүрүп жатат. Муну аягына чыгарабыз".

11:40. Депутат Айнура Осмонова: "Жалал-Абадда Кадыржан Батыровго таандык 22 объект бар. Мен бир нече жолу маселе көтөргөм. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна бир нече жолу сунуш бергем. Объектилер муниципалдык менчикке өткөрүп берилбей жатат. Таланып-тонолуп кетүүдө. Ушу боюнча кат түрүндө жооп берип койсоңуз".

Баш прокурор: "Туура маселени көтөрдүңүз. Мунун аткарылышын карап, сизге жооп берем".

11:45. Депутат Марлен Маматалиев "Ихлас" компаниясы Бишкектин бир нече аймактарына көп кабаттуу үйлөрдү курганын, баш прокурорго мунун мыйзамдуулугу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары Маматалиев сапатсыз курулган жолдор боюнча катуу чараларды көрүү керектигин айтты. Баш прокурор былтыр бул багытта 19 кылмыш иши козголгонун билдирди.

11:50. Депутат Тазабек Икрамов "Коопсуз шаар" долбоору эмне болгонун сурады. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ал боюнча жаңы өкмөт так чечим кабыл алып, багытын аныктаганын айтты. Бул боюнча 5-июнда парламентке атайын келип маалымат берилерин кошумчалады.

11:59. Депутат Чыныбай Турсунбеков кылмыш иштери тууралуу жалпы маалымат сурады.

Баш прокурор: "2017-жылы жалпысынан 1037 кылмыш иши козголгон. Анын 704үн прокуратура, 49ун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы козгогон. Жалпысынан 700дөн ашык кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. 47 иш кыскартылган".

12:10. Депутат Мурадыл Мадеминов мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгонун сурады.

Баш прокурор: “Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Бул "ыйгарым укугун кыянаттык менен пайдалуу" беренеси”.

Мадеминов "эгер сот "Шадиевдин иши бул беренеге эмес ,"шалаакылык" беренесине туура келет" десе, ким жоопкерчиликке тартылат?" деп кызыкты.

Баш прокурор бул боюнча териштирүү бүткөндөн кийин гана жооп бере аларын деди.

12:20. Депутат Каныбек Иманалиев буга чейин Баш прокуратура тарабынан ЖМКларга миллиондогон доо арыздар берилгенин айтты. "Адамды сындасаң 30 миллион экен, адамды өлтүрсөң 500 миң экен. Бул эмненин негизинде коюлган баа?" - деди Иманалиев.

Баш прокурор бул иштер башка жетекчинин учурунда болгонун айтып, так жооп бере алган жок.

Андан соң Иманалиев 2017-жылы кайсы кылмыштын түрү өскөнүн сурады. Баш прокурордун айтымына караганда, былтыр уурулук менен алдамчылык иштери көп катталган. Эл өкүлү зордуктоо, баңгизатты пайдалануу фактылары көбөйгөнүн эскертти.

12:25. Депутат Дастан Бекешев прокурорлор декларациясына туура эмес маалымат жазып жатышканын айтты. "Алардын декларациясын көрүп байкуштарды элестетесиң. Бирок чыныгы жашоосун, үйлөрүн көрсөң бажыдагылардын үйдөн кем калбайт", - деди Бекешев.

12:35. Депутат Кенжебек Бокоев тергөөчүлөрдү да жоопко тартуу керектигин айтып, бул коррупциялык аракеттерден кабар берерин билдирди. “300гө жакын адам акталыптыр, бирок бир да тергөөчүгө кылмыш иши козголгон жок, - деди Бокоев.

12:40. Депутат Чыныбай Турсунбеков кылмыш фактыларында, коррупция боюнча мыйзамсыз документтерге кол койгондор эле эмес, кол коюуга тапшырма бергендер да жазаланышы керектигин айтты. "Бул кылмыштуу топторго да, саясатчыларга да тийиштүү", - деди ал.

12:50. Депутат Руслан Казакбаев президент, премьер-министр УКМКнын төрагасы сыяктуу чоң кызматтагы адамдар декларациясын коомчулукка жарыялаш керек деди. Анын пикиринде, коррупция менен күрөшчүлөр өздөрү декларацияларын туура эмес көрсөтүп жатат. Ошондой эле тазаланууну укук коргоо органдарынан башташ керектигин кошумчалады.

12:52. Депутат Сайдулла Нышанов баш прокурор Өткүрбек Жамшитов таза адам болгону үчүн аталган кызматка тандалганын айтты. “Баш прокурорлукка бир топ адамдардын талапкерлиги көрсөтүлдү. Бирок алардын арты таза болбогону үчүн сиз тандалдыңыз. Депутаттардын ишенимин актайсыз деген ниеттемин”, - деди Нышанов.

12:55. Депутат Каныбек Иманалиев саясатчылардын камалышы тууралуу сөз сүйлөдү. Анын пикиринде, саясатчыларга карата кылмыш иштери өч алуу максатында козголгон. "Мен Бектур Асанов жана Дүйшөнкул Чотонов менен камакканада жолуктум. Асанов "Атамбаевден кечирим сурап, кагаз жазып берсең бошотобуз" деген талабына макул болбогонунан 12 жылга кесилди. Ал эми Чотонов "Текебаевди каралап көрсөтмө бер" деген сунушка көнбөгөнү үчүн 6 жылга соттолду", - деди Иманалиев.

13:00. Депутат Акылбек Жапаров баш прокурорго кайрылып: "Президент буга чейин 656 кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айткан. Аларга ким кылмыш ишин козгогон? Тергөөчүлөр, прокурорлор жоопко тартылдыбы? Ушул боюнча чечкиндүү кадамдарга барсаңыз". Ал мындай маалымат президенттин оозунан айтылганын билдирип, бул сөзсүз иликтениши керектигин айтты.

13:06. Депутат Кенжебек Бокоев: "Буга чейин баш прокурор кызматтан кетти. Анын орун басарларын да алмаштырдык. Мен Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы ишмердигине "канааттандырарлык эмес" деп баа берүүнү сунуштайм". Ошондой эле бул Өткүрбек Жамшитовго карата берилген баа эместигин кошумчалады.

13:08. Депутат Каныбек Иманалиев Бокоевдин бул сунушун колдоорун айтты. Бул Индира Жолодубаевага карата берилген баа экенин ал да баса белгиледи. Мындан тышкары ал 2017-жылдагы чуулгандуу иштерди кайрадан кароону сунуштады.

13:15. Депутаттар Мыктыбек Абдылдаев менен Талант Мамытов мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаеванын убагында, тагырагы Башкы прокуратуранын 2017-жылдагы ишмердүүлүгүнө "канааттандырарлык эмес" деген баа берүүнү сунушташты.

13:20. Депутаттар 2017-жылдагы саясий өңүттө козголгон кылмыш иштердин кайрадан мыйзамдуулугун карап чыгуу демилгесин колдошту.

13:22. Парламент мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаеванын 2017-жылдагы ишине "канааттандырарлык эмес" деген баа берди, ал эми учурдагы баш прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчётун эске алды.

Айта кетсек, 2015-жылдын 29-январынан 2018-жылдын 13-апрелине чейин башкы прокурор кызматын Индира Жолдубаева ээлеген. Өткүрбек Жамшитов башкы прокурор болуп 2018-жылдын 26-апрелинде дайындалган.

Баш прокурор Жогорку Кеңешке отчёт берүүдө (9:30 - 11:00)

Жогорку Кеңеш баш прокурордун отчётуна баа берди (11:15 - 13:20)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан