Токон Мамытов Баткен облусундагы чек арада чыккан чыр Өзбекстандын аймагында болбогондугун айтты

Вице-премьер-министр Токон Мамытов Баткен облусундагы чек арада чыккан чыр Өзбекстандын аймагында болбогондугун бүгүн, 24-июнда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Айтымында, Өзбекстан тарап келтирген фактылар чындыкка дал келбейт. “Алардын билдирүүсүнө ылайык, 20-30 жаран 4-5 унаа менен келип, чыр чыгарышып, жыйынтыгында ок чыгарылган. Бирок Өзбекстан тараптан унаалардын издери табылган эмес, бир гана Бакыт Тагаевге тиешелүү унаанын изи калган. Ошондой эле автоматтардын октору Кыргызстандын аймагында табылган”,- деди ал. Токон Мамытов өзбек тарапка бир катар талаптар айтылганын билдирди. “Алар жок дегенде каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө көңүл айтканга жарашкан жок. Маркумдун артында 5 жаш балдары калды. Ошондой эле талкаланган унааны да калыбына келтирүү керек. Биз өзбек тарап менен жолугушуу учурунда Өзбекстандын чек арачыларына карата тиешелүү чараларды көрүү керектигин айттык”,- деди Мамытов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан