Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусу өтөт

26-июнда Бишкек шаарында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусу өтөт. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, Казакстандын коргоо министри Адилбек Жасыкбеков, Кытайдын коргоо министри Чан Ваньцюань, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу , Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллоев, Өзбекстандын коргоо министринин орун басары Шавкат Норматов, ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев жана ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин жетекчиси Чжан Синьфэн катышат. Анда бир катар орчундуу маселелер талкууга алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан