Чүйдө адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалыматты көңүл сыртында калтырган милиция кызматкерлери боюнча кызматтык иликтөө дайындалды

Чүйдө адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалыматты көңүл сыртында калтырган милиция кызматкерлери боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Студенческий айылынын тургундары алардын айылында жансыз дене табылып, ал тууралуу милиция кызматкерлерине кабар беришсе, алар келбей жатканын журналисттерге билдиришкен. Тургундардын пикири жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң ал жерге милиция кызматкерлери барып, факты боюнча иликтөө иштерин башташкан. Кийин маркумдун Жалал-Абад облусунун 1972-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну экени белгилүү болгон.

Ал эми адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат боюнча окуя болгон жерге барбаган милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
reach
2018-05-30 20:25:24
Жансыз дене деп айтылбайт. Сөөк деп айтылат. Туура эмес котормодон, келегей тилди колдонуудан алыс болгулачы, журналисттер
-2
Dalil
2018-05-30 20:53:00
reach, жансыз дене табылды дебей сен айткандай сөөк табылды десе анда анык эле барбай коюшат. Сен айткан сөөк менен жансыз дене деген сөз синоним сөздөр айтылышы башка болгону менен бир эле маанини берет. Каалаганын жазса да туура боло берет.
+2
reach
2018-05-30 20:27:13
Сатып алуулар эмес, сатып алуу. Госзакупки айтып атасыңарбы? Эл кат-сабатын бузууга шарт түзүп атасыңар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан