Жогорку Кеңеште өзбек чек арачыларынын огунан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом каражат бөлүү сунушталды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек арада өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан Бакыт Тагаевдин үй-бүлөсүнө өкмөттүк деңгээлде жардам берүү сунушталды. Мындай сунушту КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков бүгүн, 24-июнда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Айтымында, каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө мамлекеттик камкордук көрүү зарыл. "Жардам иретинде үй-бүлөсүнө 1 миллион сом бөлүп берүү жана келтирилген чыгымдарын калыбына келтирип берүү керек. Ошондой эле маркумдун бойго жеткен балдары болсо, жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде окууга өткөрүп, бала бакча жашындагы балдарын мектепке чейинки мекемелерге акысыз кабыл алуу жагын караштыруу зарыл",- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан