Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Данияр Казаковго сөгүш жарыялады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 24-июнда туризм маселелерине арналган жыйында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Данияр Казаковго сөгүш жарыялады. Жыйында премьер-министр аталган министрлик иштебей жаткандыгын билдирип, Казакстандык туристтердин балдарынын чек арадан өтө албай жатканын айтты. “Бул маселени мурун эле чечип коюу керек эле. Туризм тармагындагы көйгөйлөр туристтик мезгил башталганга чейин чечилиши керек”,- деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан