Токмокто айдоочу уктап кетип каршылаш унааны сүзүп алды. Кырсыктан 1 адам каза болуп, дагы бир тургун ооруканага түштү

Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып 1 адам каза болуп, жаракат алган дагы бир тургун ооруканага түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чүй облусу боюнча басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 31-майда саат 13:20 чамасында катталган.

"Жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 42-чакырымында катталды. Анда батышты көздөй бара жаткан сүт ташуучу унаа менен чыгышты көздөй бараткан Форд Фокус унаасы кагышкан. Болжолдуу маалыматка караганда, Форд Фокустун айдоочусу уктап кетип унаага ээ боло албай, бет маңдайында келе жаткан сүт ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Мындан улам жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, жанында бара жаткан жүргүнчү жаракат алып ооруканага жеткирилди. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт маалымат катчы.

Маалымат катчынын айтуусуна караганда, сүт ташуучу унаанын айдоочусунун абалы туруктуу. Ал эч кандай жаракат алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан