Шаардык сот Карганбек Самаковду 10 жылга кесүү боюнча өкүмдү күчүндө калтырды

1-июнда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновдун жана мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдин иши каралып, сот чечимин чыгарды.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү өзгөрүүсүз калды.

Самаковдун жактоочусу бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко арызданарын айтты.

Эске салсак, 2017-жылы 19-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган.

Ошондой эле бул окуяга күнөөлөнгөн Кубанычбек Самаков, Аликбай Сариев, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов жана Абай Таштанбеков күчөтүлгөн тартипте 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Игорь Чудинов менен Искендербек Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып салынды. Арстанбек Ногоев, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылган.

Экс-депутат Карганбек Самаков 10 жылга кесилди
Самаков 10 жылга кесилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Isco22
2018-06-01 12:50:46
Бул киши жакшы ак иштегнн эле эл жерге куйгон. Манасты ушу байке киргизген эле да юнеского
+6
karakulja
2018-06-01 13:03:15
Дагы камасанар Кыргызстанга 20 этаж минус 30 этаж пилюсу мн турмо салышынар керек.
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-06-01 15:07:38
Оногуларды качан камап үй мүлкүн аласыңар?! Же карап туруңарбы качан чет өлкөгө качып кетет экен деп?!Алды Америкага жетти! Эртерээк качышсын ишти тез жабайлы деп! Өзүңөр же бийликтегилер аралашкансыңар ошого качырасыңар бизди да айтып койушбасын деп ошондой эле болуп жатат! Жапаров менен Текебаевди терорист кармагандай кармадыңар эле! Чыныгы эл душман терористерди камабай качырып жатасыңар!
+2
aydinnur
2018-06-02 03:37:03
Туура эле соттун чечими,жерди элден алдап алып, кайра эле элге кымбат саткан да бул жегич((
+1
Meni_unut
2018-06-04 01:25:10
Жеп жургон да билдирбей.Жебейм дегегдин баары жеген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан