1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Көк-Жаңгак шаарындагы жана Кара-Суу, Нарын районундагы балдар үйлөрүнө 266 миң сомдук жардам берилди. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 24-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын районундагы 9000ден ашык балага 129 600 сом жардам берилсе, Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарындагы балдар үйлөрүнө 45 400 сом жардам берилген. Ал эми Кара-Суу районундагы кулагы жакшы укпаган балдар тарбияланган үйгө 91 000 сомдук жардам көрсөтүлгөн.