Ушул жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өлкө казынасына 30 миллиард 819 миллион сом чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда коюлган план 101,6 пайызды түзүп, 474 миллион 500 миң сомго ашыгы менен аткарылган.
2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 3 миллиард 28 миллион 100 миң сомго же 10,9 пайызга жогорулаган.