Дүйнөлүк соода уюму АКШнын болот жана алюминий импортуна киргизген бажы салыктарынын мыйзамдуулугун териштире баштады. Бул тууралдуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, териштирүү Евробиримдиктин арызынын негизинде жүрүүдө. Еврокомиссарлар бул иш боюнча пикир билдирип, Вашингтондун бул кадамын эл аралык соода эрежелерине каршы деп эсептешкен.
Эске салсак АКШ 1-майдан баштап өз жерине алып келинген болотко 25 пайыз, алюминийге 10 пайыз бажы салыгын киргизген. Буга жооп иретинде Евробиримдик АКШдан келген товарларга чектөө коё тургандыгын айткан.
Евробиримдиктин болот өндүрүү ишканасында 320 миң адам эмгектенип, жылына 170 миллион тонна товар өндүрүп чыгарат.