7-апрель окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан Нурлан Темирбаевге операция жасалды
7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан
Темирбаевге 21-июнда операция жасалды. Бул тууралуу Темирбаевдин жактоочусу
билдирди. Эскерте кетсек, Темирбаев буга чейинки сот процесстеринде ден соолугу боюнча
эч нерсе айтпаган жана соттук отурумдардан бошотууну суранган эмес.