Борбордук Америкада эң активдүү вулкандардын бири атылып, 7 адам каза болду

Борбордук Америкадагы Гватемала өлкөсүндө Фуэго вулканы атылып, натыйжада 7 адам каза болду жана 296 адам жаракат алды. Бул тууралуу 3-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул вулкан соңку жылдарда атылгандардын эң күчтүүсү болгону айтылат. Кырсыктын кесепетинен 1 миллион 700 миңге жакын тургун жапа чекти. Мындан улам учурда Гватемаланын борборундагы эл аралык "Аурора" аэропорту убактылуу жабылды.

Айта кетсек, Гватемаланын калкынын саны 16 миллион 60 миңге жакын. Бул өлкөдө 10го жакын вулкан жайгашкан. Фуэго вулканы акыркы жолу 2015-жылы атылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан