Баткенде камактан бошогон "ата журтчу" 3 депутаттын эл менен жолугушуусу башталууда
Баткен шаарынын борбордук аянтында учурда 300-400дөй адам бар. Алар камактан бошогон депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов менен жолугушууга келгендер. Депутаттар келе элек, чогулгандарга ырчы, бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулашып, чакан концерт өтүп жатат. Айта кетсек, 17-июнда абактан чыгарылган аталган депутаттар алгач Жалал-Абадда, 23-июнда Ошто тарапташтары менен жолугушууларды өткөрдү. Бүгүн, 24-июнда Баткен аймагындагы колдоочулары менен жолугушмакчы. Жолугушууга келгендер аз-аздан көбөйүүдө.