Орусиянын Коопсуздук кызматы Красноярск облусунда Ооганстан менен Сирияга согушкерлерди жөнөтүп турган террордук уюмдун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Коопсуздук кызматы тарабынан террордук уюмдун 11 мүчөсү колго түшүрүлгөн. Аларга тинтүү жүргүзгөндө тыюу салынган диний адабияттар чыккан. Коопсуздук кызматынын Красноярск облусундагы өкүлчүлүгүнүн билдирүүсүнө таянып, террордук уюмдун 2 мүчөсү Кыргыз өлкөсүнөн барганы жазылат маалыматта.
"Алар телефон аркылуу эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү менен сүйлөшүп, аларга адамдарды жөнөтө баштаган. Уюмга жарандарды коомдук тамактануучу жайларда видеороликтер аркылуу жана жашаган жерлерине барып үндөп жүрүшкөн. Кармалгандарга карата "террордук аракеттерге көмөк көрсөтүү" жана "тыюу салынган террордук уюмдун иш-чараларына катышуу жана даярдоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.